Кыргыз республикасынын билимберүҮ жана илим министрлиги ж. Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети кыргызреспубликасынын тышкы иштер министрлигинин



бет1/3
Дата08.03.2018
өлшемі0.56 Mb.
#60649
  1   2   3
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМБЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
Ж.БАЛАСАГЫН атындагы

КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ
КЫРГЫЗРЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН

К.ДЫЙКАНБАЕВ атындагы ДИПЛОМАТИЯЛЫК АКАДЕМИЯСЫ


Д.23.15.508 ДИССЕРТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИ

Кол жазма укугунда

УДК: 327.2(575.2):94(581).(043.3)

МУХАММАД ИСМАИЛ КАЙЫМОГЛУ
КЫРГЫЗ ЖАНА АФГАН РЕСПУБЛИКАЛАРЫНЫН САЯСИЙ МАМИЛЕЛЕРИ: АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

23.00.02- саясий институттар, процесстер жана технологиялар

Саясат таануу илимдеринин кандидаты окумуштуулук

даражасын алуу үчүн жазылган диссертациянын


АВТОРЕФЕРАТЫ

Бишкек–2016

Диссертациялык иш К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин саясат таануу жана укук кафедрасында аткарылган.




Илимийжетекчи:

Философия илимдеринин доктору, профессор

Исаев Кусеин Исаевич


Расмий оппоненттер:

тарых илимдеринин доктору, профессор

Акунов Аалыбек Акунович





саясат таануу илимдеринин кандидаты, доцент

Наматбекова Нурзат Мукамбетовна


Жетектөөчү мекеме:

Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик

курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Философия жана социалдык-гуманитардык кафедрасы, 720020,

Бишкек ш., А.Малдыбаев көчөсү, №34б.







Диссертация 2016-жылдын 16 декабрында саат 12де Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академиясына караштуу саясый жана социология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертацияларды коргоо боюнча түзүлгөн Д.23.15.508 Диссертациялык кеңештин жыйынында корголот. Дареги: 720000, Бишкек ш., Эркиндик бульвары 36,106-аудитория.


Диссертация менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий китепканасынан таанышууга болот. Дареги: Бишкек ш., Фрунзе көчөсү 547.
Автореферат 2016-жылдын 15-ноябрында таркатылды.





Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы,

Социология илимдеринин доктору,img174

доцент Салморбекова Р.Б.
ИШТИН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Диссертациялык иштин актуалдуулугу азыркы ааламдашуу шартында көптөгөн мамлекеттер ар кайсы социалдык-саясий чөйрөдөгү: саясатта, маданиятта, экономикада кызматташуу жолдорун таап жаткандыгы менен аныкталат. Кыргызстан менен Афганистан бирдей геосаясий мейкиндикте жайгашып, өз улуттук кызыкчылыктарын коргоодо саясий кызматташуунун механизмдерин калыптандыра башташты.

Кыргызстанда да, Афганистанда да саясий жараяндар, биринчи кезекте, улуттук кызыкчылыктарды камсыздоого жана коомдук-саясий турмуштун бардык чөйрөлөрүн демократиялаштырууга багытталган. Эки мамлекеттин теӊ саясий тутумдары саясий жана социалдык институттары бир мүнөздүү болгон республикалык башкаруу формаларында калыптанган. Бүгүнкү күндө Кыргызстан эгемендүү, демократиялык, светтик, социалдык мамлекетти курууну камсыздоодо. Афганистан башкалардан айырмаланып, маанилүү соода жана транспорт маршруттарынын кесилишинде, илгертен көптөгөн мамлекеттердин стратегиялык кызыкчылыктарын туудурган зонада жайгашкан. Канча кылымдардан бери Афганистанда таасирин күчөтүүнү самаган элдер өз көӊүлдөрүн буруу менен, афган мамлекетинин калыптануусуна жана афган коомунун консолидацияланышына жолтоо болуп келүүдө.

Азыркы Афганистандын тегерегинде болуп жаткан окуялар, анын жаӊы геосаясий чындыкта өзүнүн ордун аныктоого багытталган тышкы саясатынын активдештирүүсү, эл аралык коомчулуктун толук укуктуу мүчөсү болууга кылган аракеттерин көрсөтүп турат.

Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка жетишкенден кийин 1992-жылдан тартып Афганстан менен өз ара саясий мамиле түзө баштаган. Ал эми Афганстан 2001-жылдан кийин өлкөдө тынчтык орнотуу максатында дүйнөнүн бир катар мамлекеттери, алардын катарында Кыргыз Республикасы менен да саясий мамиле түзүүгө өзгөчө көңүл бурууда.

Тарыхка кайрылсак, кыргыз элинин оозеки чыгармасы болгон “Манас” эпосундо “Манас уулду болуп, той бергенде жана ажыга баруу үчүн хандарды чакырып кеңеш курганда, Афган элинен чакырылган коноктордун арасында афган ханынын болгондугу да айтылат. Ошондой эле Кыргызстандын түштүгүнөн кеткен кыргыздар Афганстанда бийиктиги 4000-5000 метрге жеткен Памир тоосунда эркин жашап калышы жана Рахманкул хан баш болуп Афганстан шахы Мухаммед Захирдин зор ишенимине ээ болгондугу, 1964-жылдан баштап Афганстан Лоя Жиргасында (Улуу Кеңеште) депутат катары памирлик кыргыздардын атынан саясат жүргүзүп келгендиги, соӊку жаӊы тарыхта аталган эки элдин тарыхый-саясий жактан тыгыз мамилелерин көрсөтүп турат.

Тарыхта социалдык-саясий жактан карым-катнашта болгон эки эл бүгүнкү күндө да мамлекеттик деңгээлде саясий мамиле түзүп, өз ара кызматташтыкка маани беришүүдө. Учурда Орто Азия регионундагы саясий, коопсуздук жана экономикалык маселелердин дүйнөлүк мааниге ээ болушу, мамлекеттердин бири-бири менен мамиле түзүү муктаждыгынын артуусу, ошондой эле илим менен техниканын өнүгүүсү, өлкөлөрдү тышкы саясатта өз ара кызматташтык мамилелерди түзүүгө мажбурлайт.

Кыргызстан менен Афганстандын саясий мамилелеринин өнүгүүсүн, жалпы кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө чоң мааниге ээ болгондуктан, диссертациялык изилдөө эки өлкөнүн бүгүнкү күндө түзгөн саясий мамилесин, кызматташтык деңгээлин жана жалпы кызыкчылыктарын теориялык негизде талкуулаган, саясий мамилелердин келечегине анализ жүргүзгөн алгачкы эмгек болуп саналат.

Диссертациялык изилдөөнүн максаты. Кыргыз Республикасынын жана Афганстан Ислам Республикасынын саясий мамилелерин саясий институт катары кызматташтыгын, ааламдашуу шартында мамилелерине, көз карашка түрткү бере турган кызыкчылыктарын алып чыгуу жана талдоо.

Изилдөөнүн милдеттери. Диссертациялык изилдөөдө коюлган максатты ишке ашыруу үчүн төмөнкү милдеттер аныкталды:


  • Азыркы саясий мамилелерди изилдөөнүн теориялык-методологиялык жолдорун аныктоо;

– Кыргызстан менен Афганстандын геосаясий өзгөчөлүктөрүн белгилөө;

– Памирлик кыргыздардын социалдык-саясий абалын талдоо жана эки өлкө элдеринин өз ара саясий-тарыхый мамилелерин изилдөө;

– Кыргыз Республикасынын жана Афганстан Ислам Республикасынын дипломатиялык мамилелеринин расмий түрдө калыптанышын ачып берүү;

– Кыргыз жана Афган Республикаларынын өз ара саясий, экономикалык жана маданий мамилелерин аныктоо;

– Кыргыз жана Афган Республикаларынын Улуу Жибек жолундагы саясий мамилелерин изилдөө;

– Түштүк Азия менен Орто Азия мамлекеттеринин кызматташтыгында Афганстандын транзиттик маанисин тактоо;

– XXI кылымдагы Чыгыш дүйнөсүнүн өзгөчөлүгүн, Кыргыз жана Афган Республикаларынын саясий мамилелеринин келечегине анализ жүргүзүү.

Изилдөөнүн объектиси болуп кыргыз жана афган коомчулугунун саясий мамилелери эсептелет.

Изилдөөнүн предмети болуп кыргыз коомчулугу менен афган коомчулугунун ортосундагы тышкы жана эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамилелердин саясий жараяндарынын абалы саналат. Эки өлкө теӊ (Кыргызстан жана Афганистан) демократиялык коомду курушууда, эки өлкөнүн башкаруу формасы – республикалык. Келечекте эки өлкө теӊ, жаратылышынан демократиялык мамлекеттер катары, өзүнүн улуттук жана саясий кызыкчылыктарын коргоо үчүн саясий мамилелерди түзүүгө аракет жасашууда.

Изилдөөнүн теоретикалык-методологиялык негизин кыргыз жана афган коомчулуктарынын саясий мамилелеринин абалын изилдеген саясий концепциялар, теориялар жана подходдор, ошондой эле эки коомдун саясий тутумдарын чагылдырган илимий жана мезгилдүү басма адабияттары түздү.

Изилдөөнүн методологиялык негизи дүйнөлүк саясий илимдердин: тарыхий, диалектикалык, салыштырма методологиялык подходдору болду. Коргоого коюлган теориялык жоболордун эмпирикалык базасын монографиялык эмгектер, мезгилдүү басылмалар, кыргыз жана афган коомдорунун расмий документтери түздү.



Изилдөөнүн илимий жаңычылдыгы. Диссертациялык эмгек Кыргыз жана Афган Республикаларынын тышкы саясаты менен эл аралык мамилелердин усулдарын жана өзгөчөлүктөрүн пайдалануунун негизинде изилденип, ошондой эле саясий мамилелерге байланыштуу түшүнүктөр жана саясий-социологиялык терминдер кеӊири пайдаланылып, илимий түшүндүрмөлөрү берилди. Кыргызстандын жана Афганстандын улуттук кызыкчылыктары жана бул чөйрөдөгү тышкы саясаттары боюнча дипломаттардын, саясатчы окумуштуулардын ойлорун негизге алып, эки өлкөнүн ортосундагы күндөлүк мамилелер изилденди. Бишкек шаарындагы Афганстан Ислам Республикасынын элчилигинин жана Кабул шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин расмий түрдө ачылышы менен бирге, эки өлкөнүн саясий мамилелеринин калыптанышы жана региондук коопсуздукка умтулусу аныкталды.

Коргоого коюлуучу негизги жоболор. Теориялык жана методологиялык усулдар, эмпирикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы авторго саясий жана эл аралык жаңы түшүнүктөрдү жана фактыларды жыйнап, сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түздү.

1. Кыргызстан менен Афганстан өз ара саясий мамилелерди түзүү максатында өлкө башчыларынын салымы менен 2002-жылдын 28-августунда Афганстан Ислам Республикасынын элчилигинин Бишкек шаарында жана 2014-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын элчилигинин Кабул шаарында расмий түрдө ачылышы эки өлкөнүн саясий-дипломатиялык мамилелериндеги эӊ керектүү акт болуп саналат.

2. Кыргызстан жана Афганстан мамлекеттеринин ортосунда тышкы саясаттын негизи катары улуттук кызыкчылык факторлорунун таасирдүү жана пайдалуу болушу үчүн эки тараптуу өз ара расмий кызматташуулар башталган.

3. Кыргыз Республикасынын жана Афганстан Ислам Республикасынын саясий мамилелери, эки тараптын территориялык бүтүндүгүн урматтоо, эки өлкө бири-биринин ички саясатына кийлигишпөө, баңги зат жана аны мыйзамсыз ташууга карата күрөшүү, фундаментализмге каршы күрөшүү, аймактык стабилдүүлүк жана коопсуздук маселелеринде биргелешип иш алып баруу жана кеңешүү, регионалдык жана эл аралык маселелерди түшүнүү, кызматташтыкты өнүктүрүү жана ошондой эле Афганстанда тынчтык процессине жардам көрсөтүү эки өлкө дипломатиялык-саясий мамилелеринин түпкү тамырын түзгөн.

4. Кыргыз Республикасынын жана Афганстан Ислам Республикасынын саясий мамилелерин өнүктүрүү жаатында өлкө башчылары тарабынан көптөгөн расмий иш сапарлар жүзөгө ашырылган; эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде саясий, экономикалык, соода жана маданий-гуманитардык тармактарда ондон ашык келишимдерге, макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлган.

5. Кыргыз Республикасынын жана Афган Ислам Республикасынын геосаясий жана гео-экономикалык жайгашуусу, Орто Азия менен Түштүк Азия мамлекеттеринин ортосунда экономикалык жана соода тармактарында кызматташуулар, эки өлкө саясий мамилелерин бекемдүүлүсүнө түрктү болуп саналат.

6. Кыргызстандагы афгандык качкындар маселеси, афгандык студенттердин Кыргызстандагы окуу жайларына илим-билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана Афганстан Памириндеги кыргыздардын социалдык-саясий абалы жана аларды Кыргызстанга көчүрүп келүү маселелери дагы эки өлкөнүн саясий мамилелеринде ылайыктуу чөйрөнү пайда кылат.

7. Кыргыз Республикасынын жана Афганстан Ислам Республикасынын ортосунда расмий мамилелердин калыптанышы, эки өлкөнүн жарандык деңгээлдеги бизнес, транспорт, саякат, спорт, маалымат алмашуу жана ааламдашуу тармактарында карым-катнаштар өз таасирин тийгизип, Кыргызстандын көптөгөн жарандарын Афганстанда жана Афганстан жарандарын Кыргызстанда эмгектенип жашоого ыңгайлуулукту пайда кылган.



8. Кыргызстан жана Афганстан геосаясий, географиялык-экономикалык жана стратегиялык жайгашуулары коопсуздук маселеси боюнча эл аралык уюмдардын негизги багыты болуп келет.

Диссертациялык изилдөөнүн теориялык жана практикалык мааниси. Жүргүзүлгөн саясий-тарыхый изилдөөлөрдүн жыйынтыгында саясий илим жана эл аралык мамилелерге тийиштүү маселелер теориялык жана методологиялык нукта каралды. Кандидаттик диссертациянын мазмуну Кыргыз жана Афган Республикаларынын ортосунда түзүлгөн саясий мамилелерди биринчи жолу изилдеген илимий эмгек катары, эки өлкөнүн саясий-дипломатиялык багыттагы программаларынын даярдалышында, экономикалык жана соода-сатык маселелери боюнча иш-сапарларда, мекемелердин жана уюмдардын ишмердигинде илимий булак катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет. Кандидаттык диссертациянын теориялык жана методологиялык натыйжаларын жогорку окуу жайдын студенттери саясий илим, экономика, география, маданият, этнология жана этнопедагогика боюнча окуу материалы катары келечекте саясат таануу боюнча жүргүзүлө турган изилдөөлөргө база катары колдонууга болот.

Изилдөөчүнүн жеке салымы. Диссертациялык иш талапкердин өздүк демилгеси болуп саналат. Автордун өзү Афганстан Ислам Республикасынын Бишкек шаарындагы элчилик институтунда жооптуу кызмат аткарып, Кыргыз жана Афган Республикаларынын саясий мамилелерине байкоочу-эксперт.

Изилдөөнүн натыйжаларынын апробациялары. Диссертациялык иштин негизги жоболору көптөгөн эл аралык, республикалык илими-практикалык конференцияларда, симпозиумдарда, тегерек столдордо диссертант тарабынан доклад катары сунушталган. Өзгөчө Кыргыз-Түрк «Манас» университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети жана Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети биргелешип жүргүзгөн “Жаш илимпоздордун I эл аралык конгрессине” (2016-ж. 24–25-март, Бишкек шаары) “Кыргыз жана Афган Республикаларынын дипломатиялык мамилелеринин калыптанышы, саясий-экономикалык жана маданий мамилелердин абалы”; Кыргыз Республикасынын эл аралык жол ташуучулар бирикмесинин, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму жана USAIDдин Түштүк Азия жана Орто Азия мамлекеттерин “Транспорт жана логистика” семинарына (2014-ж. 18-20-декабрь, Бишкек шаары) “Түштүк жана Орто Азия мамлекеттерин соода-сатык мамилелеринде Афганстандын транзиттик мааниси” аттуу илимий баяндамалар сунушталган.

Изилдөөнүн натыйжаларынын жарыяланышы жана колдонулушу. Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча 11 илимий макала жарык көргөн.

Диссертациянын түзүлүшү жана көлөмү. Диссертациялык иш киришүүдөн, үч бөлүмдөн, корутундудан, колдонулган адабияттардын тизмесинен жана тиркемеден турат.

ДИССЕРТАЦИЯЛЫК ИШТИН НЕГИЗГИ МАЗМУНУ

Киришүү бөлүмүндө теманын актуалдуулугу жана зарылчылыгы, изилдөөнүн объекти, предмети, максаты жана милдеттери, изилдөөнүн жыйынтыктарынын илимий жаңычылдыгы жана коргоого коюлуучу диссертациянын негизги жоболору, изилдөөнүн теориялык жана практикалык мааниси, изилдөөчүнүн жеке салымы, диссертациянын жыйынтыктарынын апробациясы жана жарыяланышы, иштин түзүлүшү жана көлөмү жөнүндө маалымат камтылган.

Диссертациянын биринчи бабы “Кыргыз жана афган элдеринин тарыхый-саясий мамилелери” деп аталып, бул коомдордун тарыхый-саясий чөйрөлөрүн карап чыгууга арналган. Изденүүчү өзүнүн изилдөөсүндө коомдордогу саясий уюмдардын болуусу жана саясий бийликти жүргүзгөн (саясий максаттарды көздөгөн мамлекет, партиялар, эмгек жамааттары, коомдук уюмдар жана кыймылдар) иретке келтирилген саясий уюмдар жана мекемелер жөнүндө кеп болушу керек деп эсептейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары күндөн-күнгө саясий уюмдардын активдүү жана өз алдынча болуп бараткан элементтеринен болууда.

Саясий принциптер жана ченемдер, ошондой эле тигил же бул коомдун саясий аӊ-сезими жана саясий маданияты саясий мамилелерди түзүүчү бөлүктөр болуп эсептелет.



Биринчи баптын “саясий мамилелердин теориялык-методологиялык негиздери деп аталган биринчи бөлүгүндө, “саясий мамилелер” деген түшүнүк, эӊ оболу, коомдун саясий тутумунун элементтеринин өз ара аракеттешүүсү дегенди билдирет деген концептуалдык ой келип чыгат жана алар коомдо саясий бийликтин ашырылышына жана жеӊүүлөрүнө жараша түзүлөт. Биринчиден, эӊ оболу, класстар аралык, класстардын ичиндеги, улуттар аралык, мамлекеттер аралык мамилелер. Экинчиден, саясий бийликти ишке ашырууда саясий уюмдардын (мамлекеттердин, партиялардын, эмгек жамааттардын, коомдук уюмдардын) ортосунда орногон. Үчүнчүдөн, саясий уюмдар менен мекемелердин (областтардын администрацияларынын, мекемелердин, институттардын, маданият мекемелеринин, партиялардын, эмгек жамааттарынын) ортосунда түзүлгөн мамилелер.

Изденүүчү, кыргыз жана афган коомдорунун саясий мамилелерин талдоодо алардын тышкы саясатын жана эл аралык мамилелерин мүнөздөө максатуу болот деп эсептейт. Эл аралык аренада мамлекеттин эл аралык субъектилер менен: мамлекеттер, чет элдик партиялар, коомдук уюмдар, дүйнөлүк жана региондук уюмдар менен мамилелерди жөнгө салган ишмердүүлүгү – тышкы саясат болуп эсептелет.

Кыргыз жана афган коомдорунун эл аралык мамилелери, дүйнөлүк коомчулуктун ар кандай субъектилеринин ортосунда пайда болгон экономикалык, саясий, социалдык, дипломатиялык, укуктук, аскерий жана маданий байланыштарынын жана өз ара аракеттешүүлөрүнүн тутумун мүнөздөйт. Эл аралык мамилелердин негизги субъектилери болуп мамлекеттер эсептелет.

Эл аралык мамилелер теориясынын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө реализм агымы таасирин тийгизген. Бул агымдын өкүлдөрү Г.Моргентау, А.Карр ж.б. мамлекетти эл аралык мамилелердин негизги актёру катары санашып, ал эми неореализм агымынын өкүлдөрү Ж.Мершимер, С.Валцз, С.Броокс, К.Валцз ж.б. “улуттук коопсуздук”, “улуттук кызыкчылыктар”, “күч тең салмактуулугу”, “ынтымак” тармактарына өзгөчө басым жасап кетишкен.

Саясий мамилелердин теориялык-методологиялык булактарын негиз тутуп, Кыргызстан менен Афганстандын саясий мамилелериндеги негизги булак катары, дипломатиялык мамилелеринин расмий түрдө калыптанышы, өз ара саясий, экономикалык жана маданий мамилелеринин абалы, Улуу Жибек жолундагы эки өлкөнүн геосаясий жактан мааниси жана ошондой эле Түштүк Азия менен Орто Азия мамлекеттеринин кызматташтыгында Афганстандын транзиттик мааниси - саясий мамилелерде өзгөчөлөнүп турат.

«Кыргызстан жана Афганстандын тарыхы жана географиялык өзгөчөлүктөрү» аттуу биринчи баптын экинчи бөлүгүндө эки өлкөнүн тарыхы жана географиялык өзгөчөлүктөрү тарыхый маалыматтардын негизинде, хронологиялык тартипте талдоо жүргүзүлүп, эки өлкөнүн географиялык шарттары, өзгөчөлүктөрү, улуттук кызыкчылыктарынын маани-маңызы, тарыхый-саясий мамилелери изилденди.

– Кыргызстандын тарыхы жана георафиялык өзгөчөлүктөрү иликтенип, кыргыз коомунун революцияга чейинки тарыхый доордогу, советтик мезгилдеги жана постсоветтик мейкиндиктеги бири-бири менен байланышкан эволюциясынын көрүнүштөрү сыпатталды.

Кыргызстандын коммунисттик идеологиядан баш тартып, демократияны карай багыт алуусунда, жаңы саясий тутум, Президенттик институт, Парламент (Жогорку Кеңеш), саясий партиялар, өкүлчүлүк системасы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары ж.б. социалдык-саясий көрүнүштөрдүн демократиялык нукта реформаланышы, жаңылануулар менен толукталды. Демократиянын өнүгүү шарттарына ылайык эгемендүү Кыргызстан укуктук мамлекет жана жарандык коомду куруу, көп партиялуу системаны, жаңы коомдук-саясий уюмдарды түзүү, шайлоо тутумун мыйзам чегинде өткөрүү, маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыз кылуу, саясий лидерликтин ааламдашуу шарттарындагы маани-маңызынын өсүшү ж.б.у.с. жагдайлар саналат.

Бүгүнкү күндө Афганстан Орто Азия жана Түштүк Азия мамлекеттеринин ортосундагы маанилүү көпүрө. Афганстандын тарыхый басып өткөн жолуна кайрылсак, 1979-жылы СССР Афганстанга аскерлери менен кириши бул өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына чоң таасирин тийгизген, бири-бирине каршы идеологиялык пикирдеги адамдардын саны көбөйүп, карапайым калк арасында ислам түшүнүгү жайылган, ал эми колунда бар, б.а., бюрократтар, чиновниктер арасында, ал тургай жаш балдардын түшүнүгү маркстык идеаларга айланган. Коммунистик идеялогия Афганстанда саясий абалды курчутуп, ички саясатта исламдык жана коммунисттик күрөштөрүн колдогондор ортосунда келишпестиктер жаралган. Бул абалга удаа эле Афганстанды тышкы күчтөр тарабынан башкарууга жол ачылган.

Эгерде СССР өз убагында аскерин Афганстанга киргизбегенде, анда ал жерге АКШ аскерлерин киргизмек эмес, себеби доор өтүп (2001-жылы) бул чындыкка айланды.

1992-жылдын 28-апрель күнү ислам күчтөрдүн (муджахиттердин) биригүүсүнүн натыйжасында, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу менен Афганстан Ислам мамлекети катары жарыяланган. Бирок ошондо да Афганстанда абал тынчыган жок, себеби сырттан келген күчтөр жана муджахиттердин сабатсыздыгынан улам, ички келишпестиктер күчөгөн. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, 1994-жылы Кандагар шаарынын медресесиндеги студенттер тарабынан уюшулган “Талибан” аттуу тайпа, өтө кыска убакыт ичинде өлкөгө өз бийлигин орнотконго жетишкен.

Афганстан географиялык жактан Пакистан, Тажикстан, Иран, Өзбекстан, Түркменстан жана Кытай мамлекеттери менен чектешет. Болжол менен 650.000 км2 мейкиндикте жайгашкан Афганстан Түштүк Азия менен Орто Азиянын ортосундагы энергетика байланыш борбору катары саналат. Афганстандын жана Орто Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы жетишкендиктер жана географиялык жактан бири-бирине жакын жайгашуулары, өлкөлөрдүн кызматташтык жаатында ылайыктуу платформа болуп саналат.

«Кыргыз жана афган элдеринин социалдык-саясий чөйрөдөгү өз ара мамилелери» аттуу биринчи баптын үчүнчү бөлүгүндө кыргыз жана афган элдери байыртадан бери бийик тоолуу жерлерде жашаган, диний, тарыхый-маданий байланыштары изилденген.

Афганстан миң жылдардан бери Орто Азия, анын ичинде кыргыз эли менен маданий жана соода байланыштар жүрүгүзүп келишкен, Улуу Жибек жолунда төө кербендери Индиядан Орто Азияга жана Кытайга чөлдөр аркылуу катташуусунда кыргыз жана афган элдеринин мааниси зор.

Тарыхта афган жана кыргыз элдери элдик дипломатиянын негизинде өз ара мамилелерди түзүп, социалдык-саясий мамиледе кызматташып, диндеш элдер. Мисалы, Сагымбай Орозбековдун варианты боюнча “Манас” эпосунда Бокмурун атасы Көкөтөй өлгөн учурда Афганстанда жүргөндүгүн чагылдырат. Ошондой эле кыргыздардын Рахманкул ханы баш болуп, Бадахшан областынын Памир тоосуна кыргыздардын отурукташуусу, бара-бара Памирлик кыргыздардын мекенине айлангандыгын айгиленеп турат. Афгандык кыргыздар жалпысынан “чоӊ-памирлик” жана “кичи-памирлик” болуп экиге бөлүнүшөт. Экөөндө тең эле байыркы кыргыз урууларынын тейит, кесек, кыпчак, найман ж.б. ошондой эле чоң уруулардын ичинен тараган: кочкор, бука, шайым, алапа, кызылбаш деп аталган уруктардын өкүлдөрү жашашат. Булар эки хандыкка бөлүнүшүп, Кичи-Памирде 1912-жылы туулган, чоң алайлык кыргыз, кочкор уруусунан чыккан Жапаркул уулу Рахманкул, Чоӊ-Памирде жергиликтүү Акжол хандын уулу Жолой хан башында турган хандар башкарып турушкан.

Эки эл бири-биринин тарыхын, маданиятын жакындан таанып-билиши, албетте келечекте эки тараптуу кызматташууларына өбөлгө түзөт. Себеби биздин көз карашыбыз жана кызыкчылыктарыбыз бир жана келечекке карай жакшы ураан менен баруубуз керек.



Экинчи бап «Кыргыз жана Афган Республикаларынын дипломатиялык-саясий мамилелеринин калыптанышы жана абалы» деп аталып, өзүнө үч бөлүктү камтыйт. Анда батыш жана чыгыш илимпоздордун көз караштарында туюнтулган дипломатия жөнүндөгү теориялар жана түшүнүктөр, Кыргызстан менен Афганстандын өз ара дипломатиялык жана саясий мамилелеринин түзүлүүсү, кызматташуу деңгээли талдоого алынат.

«XXI кылымдын башында Кыргыз жана Афган Республикаларынын дипломатиялык мамилелеринин калыптанышы» аттуу экинчи баптын биринчи бөлүгүндө эки өлкө бири-бири менен саясий мамилелерин бекемдөөдө дипломатиялык мамилелери жана анын зарылдыгы талдоого алынат.



Кыргыз Республикасы менен Афганстан Ислам Республикасынын дипломатиялык мамилелери 1992-жылынын 6-октябрында Нью-Йорк шаарында түзүлө баштаган, быйыл 24 жыл толду. 2002-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын өнөр жай жана соода министиринин орун басары А.Сулайманкулов Кыргызстандын делигациясын жетектеп, Кабулга расмий иш-сапарына барып Афганистан Ислам Республикасынын экс-президенти Хамид Карзай, тышкы иштер жана соода министирлери менен жолугушуп, эки өлкө арасында элчиликтердин ачылышы тууралуу келишимге кол коюлган. Андан улам 2002-жылы 28-августта АИРнын алгачкы өкүлү катары Абдулкадыр Достум Бишкек шаарына келип элчиликти ачкан.

Кыргызстан менен Афганстандын саясий кызматташтыгын бекемдөөдө эки өлкөнүн презеденттеринин жогорку деңгээлдеги жолугушуулары чоң өбөлгө түзгөн. Мисалы, 2010-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын президенти Кыргыз Республикасынын элчилигинин Кабул шаарында ачылуусу тууралуу №69-Жарлыгын жарыялаган жана Кыргыз Республикасынын Афганстан менен болгон мамилесин ар кандай жааттарда кеңейтүүнү кааларын белгилеген.

Ошондой эле 2013-жылы 2-майда Кыргыз Республикасынын президенти А. Атамбаевдин жарлыгы менен А. Абдразаковдун Кыргыз Республикасынын АИРдагы элчиси катары дайындалган жана 2013-жылы 21-июнда Кабулга барып, өз ишин баштаган. 2014-жылдын 15-февраль айында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Афганстандын борбору Кабул шаарына расмий сапар менен барып, Кыргыз Республикасынын элчилигин расмий түрдө ачкан.

Э. Абдылдаевдин Кабулда болгон сапарынын экинчи күнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Афганстан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтунун ортосунда бирге иш алып баруу жана билим берүү, кесипке окутуу, консультация берүү жана изилдөө тармагында, ошондой эле башка тармактарда узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюлган.

XXI кылымдын башында Афганстан ондогон жылдар бою созулган ички согушту башынан өткөрүп, коңшу, регионалдык жана дүйнө өлкөлөрү менен мамиле түзүүгө умтулуп келет. 2002-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз жана Афган Республикаларынын ортосунда өз ара кызматташуу үчүн расмий сапарлардын негизинде эки өлкөнүн өз ара саясий жана экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана күчөтүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, регионалдык коопсуздук маселелери да талкууланууда. Ошондой эле эки өлкөнүн өз ара дипломатиялык иш-аракеттери улантылууда. Бул сыяктуу иш-чаралар өлкөлөр арасында биргелешкен регионалдык жана жергиликтүү саясий маселелерди эл аралык деңгээлде чечүүгө жана өз ара кызматташтыкта оптималдуу жолдорун табууга мүмкүнчүлүктөр түзөт.

Экинчи баптын экинчи бөлүгү «Кыргыз жана Афган Республикаларынын саясий, экономикалык жана маданий мамилелеринин абалы» деп аталып, анда эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий жактан кызматташтыктар тууралуу маалымат берилет.



Саясий мамилелер: Кыргыз Республикасы өз эгемендүүлүгүн алган күндөн баштап тышкы саясатын жүргүзүүдө Орто Азия өлкөлөрү, Европа, АКШ, Жакынкы жана Орто Чыгыш мамлекеттери, ошондой эле Афганстан Ислам Республикасы менен саясий мамиле түзүп келүүдө. Кыргызстан жана Афганстан мамлекеттеринин саясий мамилелери, эки тараптын территориялык бүтүндүгүн, эки өлкөнүн ички саясатына кийлигишпөө, баңги зат жана аны мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү, диний фундаментализмге бөгөт коюу, аймактык стабилдүүлүк жана коопсуздук маселелеринде биргелешип иштөө, регионалдык жана эл аралык маселелерди чечүү менен кызматташтыкты күчөтүү, Афганстанда тынчтык процессине жана эки өлкөнүн ортосунда инвестиция тартуу маселесинде бири-бирине көмөк көрсөтүүлөрү болуп саналат. Региондогу коопсуздук жана Афганстандагы жагдай, Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин негизги маселелери.

Кыргызстан жана Афганстан мамлекеттеринин өз ара саясий мамилелеринин калыптануусуна негиз болгон фактылардын бири – 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуя. Ал окуядан кийин АКШнын жетекчилигинде НАТО аскер күчтөрү Афганстанда эл аралык терроризмди жоготуу максатында өзүнүн аскерлерин Афганстанга киргизип, аларга каршы аскердик согуш аракеттерин баштаган. Алардын геостратегиялык пландары боюнча аскер базаларын коӊшу Өзбекстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин аймактарына жайгаштыруу.

Бүгүнкү күндө региондо эл аралык терроризм, экстремизм, баӊги зат өндүрүү жана аны мыйзамсыз ташуу, баш аламандыктар, өлкөлөр арасындагы кызматташтыкка, өзгөчө парламенттер арасында өз ара саясий диалогго муктаж. Стамбул процесси Өкмөт башчылары жана Өкмөт мүчөлөрүнөн куралган “Азия жүрөгү” уюмуАзиянын жүрөгүндө жайгашкан өлкөлөрдүн парламенттери арасында аталган маселелер боюнча өз ара диалог жүргүзүп келет. Өлкөлөрдүн бири-бири менен тыгыз кызматташтыкта болуусу региондо туруктуулукту камсыз кылууда ишенимдүү өбөлгө боло алат.

Кыргыз жана Афган Республикаларынын парламенттеринин арасында расмий түрдө карым-катнаштар жүргүзүлүп, регионалдык маселелер боюнча таасирдүү иш-аракеттер болууда. Парламенттер аралык мамилелердин чыңдалышына жана маанилүү маселелер боюнча бирдиктүү көз караштардын иштелип чыгышына түрткү берет. Кыргызстан менен Афганстан мамлекеттеринин саясий мамилелеринде жана өз ара кызматташтыктарында өлкөлөрдүн эл өкүлчүлүктөрү катары парламенттик карым-катнаштардын ролу абдан маанилүү.



Экономикалык жана соода-сатык мамилелер. Афганстан жана Кыргызстан мамлекеттери өз ара соода-сатык мамилери боюнча энергетика, Улуу Жибек жолун кайрадан жандантуу, экономика багытындагы ишкерлердин билимин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу тармактарында иштешүүдө. Кыргыз Республикасынын соода министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылдын 20-майда Кыргызстан жана Афганстандын соода-сатык өлчөмү 1 миллион АКШ долларын жана январь айынан август айына чейин 15720,2 АКШ долларын түзгөн. Ошондой эле 2015-жылдын статистикасына көӊүл бурсак, бул көрүнүш 7955,1 АКШ долларын түзгөн. Азыркы учурда эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык жана экономикалык кызматташтык абдан төмөн болуу менен бирге, Афганстан Орто Азияны Түштүк Азияга соода-сатык жана транзиттик байланыш жааттарда бириктирүүчү эң маанилүү экономикалык мейкиндик катары болуп саналат.

Орто Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн арасындагы экономикалык долбоорлордун бири CASA-1000 долбоору. Кыргызстан жана Тажикстандан- Афганстанга жана бул өлкө аркылуу Пакистанга CASA-1000 долбоорунун алкагында 1300 МВт электржарыгын экспорттоо кызматташтыгы өзгөчө мааниге ээ, анын 1000 МВты Тажикстандан жана 300 МВты Кыргызстандан 2018-жылга чейин пландалган. Бул долбоордун жалпы чыгымы 953 миллион долларды түзөт. CASA-1000 долбоорун Дүйнөлүк банк, ЭкоИсламик банкы жана АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланат.

Орто Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүн экономикалык жактан кызыктырган долбоорлордон бири болсо - темир жол куруу долбоору. 2014-жылы декабрь айында Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан жана Иран өлкөлөрү ортосунда темир жол куруу демилгесине Душанбе шаарында кол коюлган. Аталган жолдун узундугу 2100 км, анын 1150 км Афганстандын территориясынан өтүп, дүйнөлүк Жибек жолунун бир бөлүгүн түзөт. Улуу Жибек жолунда жайгашкан өлкөлөрдүн темир жол байланышына кошулуусу деңиз мейкиндигине чыгууга шарт түзөт. Кыргызстан менен Афганстан мамлекеттери аталган өз ара мамилелерин жакшыртуу үчүн көптөгөн аракеттерди жасап, келишимдерди түзүүсү экономикалык мамилелердин өнүгүүсүнө дагы өз таасирин тийгизе алат.


Каталог: wp-content -> uploads -> 2016
2016 -> Беттің және ауыз қуысы ағзаларының туа пайда болған ауытқуларының көріністерін анықтай білу
2016 -> Анатомо-физиологические особенности кожи. Кожа это трехмерная пограничная ткань Кожа
2016 -> Аппарат для локальной криотерапии фирмы tur therapietachnik GmbH
2016 -> Анальный полип. Что такое анальный полип?
2016 -> Уметь распознавать проявления врожденной патологии лица и органов полости рта; уметь распознавать проявления врожденной патологии лица и органов полости рта
2016 -> Дентальная имплантация


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3




©stom.tilimen.org 2022
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет